МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ

17.02.2026  09:10

7

МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ

МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ

16-февраль күнү Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги ХХIII сессиясы учурунда Манас шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу шаардын 2026-жылга бюджетинин долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты.

Белгилей кетсек, Манас шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 1 млрд 587,7 млн сом деп бекитилди. Бул көрсөткүч 2025-жылга бекитилген пландан 378,2 млн сомго көп.