ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
26.02.2026 09:20
5
25-февралда Манас шаарында мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиадасынын шаардык этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жеңиш Байзаков, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Республикалык предметтик олимпиаданын шаардык этабына 10-11-класстардан 593 окуучу катышып, анын ичинен 54 окуучу 1-, 2-, 3-орундарга татыды. Алардын 36сы алдыда өтүүчү облустук этапка жолдомо алышты.
Ал эми 8–9-класстардын окуучулары арасында өткөн билим сынагына 780 окуучу катышып, 75 окуучу байгелүү орундарды ээледи.
Белгилей кетсек, олимпиадага Манас шаарындагы 30 муниципалдык жана 10 жеке менчик мектеп менен лицейлердин окуучулары катышты.