СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН ООГАН ЖЕРГЕСИНЕН ЧЫГАРЫЛГАНДЫГЫНЫН 37 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
13.02.2026 17:02
8
СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН ООГАН ЖЕРГЕСИНЕН ЧЫГАРЫЛГАНДЫГЫНЫН 37 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн, 13-февралда Манас шаарынын мэриясында советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Ага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөналы Мамасалиев, Ооган согушунун ардагерлери жана каза болгон жоокерлердин жакындары катышты.
Иш-чарада төрага Ооган согушу өлкө тарыхындагы оор жана жоопкерчиликтүү мезгилдердин бири болгонун белгилеп, мекен алдындагы ыйык милдетин аткарууда кайраттуулук жана чыдамкайлык көрсөткөн жоокерлердин эрдиги ар дайым урмат-сыйга татыктуу экенин кошумчалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар ардагерлерге сыйлыктар тапшырылып, маркумдарга арналып куран окулду.
Эскерте кетсек, Ооган согушуна жалпысынан 620 миң советтик аскер катышкан. Алардын ичинен 138 жоокер Манас шаарынан чакырылган. Учурда калаада 117 Ооган согушунун ардагери бар.