СПУТНИК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
16.03.2026 17:25
6
Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлеянов, шаардык кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери биргеликте Спутник аймактык башкармалыгына караштуу Жеңи-Жок жана Манас көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жеринде жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөрүштү. Анда балдар үчүн оюн аянтчасын куруу зарылдыгы, ички жолдорго асфальт төшөө маселеси, арык-каналдарды оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрү айтылды.
Анда шаардык кеңештин төрагасы тургундардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелер шаардык кеңештин да көңүл борборунда болорун белгилеп,бул багытта аткаруу бийлиги менен тыгыз кызматташып иш алып барарын кошумчалады.Ошондой эле төрага шаар тургундардын көйгөйлөрүн чечүү шаардык кеңештин башкы милдеттердин бири экендигине токтолду.