ТӨРАГА №12 БАЛА БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛДЫ

30.04.2026  16:20

7

ТӨРАГА №12 БАЛА БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛДЫ

 Манас шаарында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов жана жергиликтүү тургундар катышты.

🔹Иш-чарада төрага өз сөзүндө бала бакчаларды куруу, алардын абалын жакшыртуу, авариялык абалдагы имараттардын ордуна заманбап, коопсуз шарттагы жаңы мекемелерди салуу – жергиликтүү бийлик менен Манас шаардык кеңешинин негизги жана жоопкерчиликтүү багыттарынын бири экендигине токтолду. Ошондой эле ар бир бала сапаттуу тарбия жана коопсуз шартта билим алууга тийиш экенин белгиледи.

🔹Мектепке чейинки билим берүү мекемеси калаанын Достук аймактык башкармалыгында жайгашат. Имарат эки кабаттан туруп, долбоорго ылайык анын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары, спорттук аянтча, жашылдандыруу иштери, ички жолдор жана тротуарлар, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыздоочу резервуар жана башка тиешелүү инфраструктуралар каралган.

📌 Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, сметалык баасы 57 млн 40 миң сомду түзөт. Жаңы балдар бакчасынын курулушун жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, №12 балдар бакчасынын эски имараты авариялык абалга келгендиктен, анда тарбияланган балдар убактылуу №19 мектептин имаратына көчүрүлгөн.