ТӨРАГА 7-Апрель – Элдик революцияда курман болгон жарандарды эскерүү иш-чарасына катышты
07.04.2026 12:30
4
Манас шаарынын "Эркиндик" аянтында 7-апрель-Элдик революциясынын 16 жылдыгы жана 24-марттагы революциясынын 21 жылдыгы белгиленди.
Эскерүү иш-чарасы бүгүн, 7-апрелде өтүп, ага КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, апрель жана март революциясынын катышуучулары жана шаар тургундары катышты.
Эскерүү иш-чарасында 7-апрель-Элдик революциясында курман болгондордун эскерүү тактайчасына гүлчамбар коюлуп, куран окулду.
Белгилей кетсек, 2010-жылы, 7-апрелде 87 киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Кыргызстанда бул күн “7-апрель - Элдик апрель революциясы” деп аталып, жыл сайын эскерүү иш-чарасы уюштурулуп келет.