ТӨРАГА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА 300 АЯЛГА БЕЛЕК БЕРДИ

06.03.2026  16:18

10

ТӨРАГА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА 300 АЯЛГА БЕЛЕК БЕРДИ

8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Манас шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында майрамдык иш-чара болуп өттү.

Майрамдык салтанатка Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов баштаган депутаттар, шаар мэри Абдупата Маткаликов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Анда төрага аял заты үйдө – мээрим төккөн эне, үй-бүлөнүн ынтымагын бекемдеген камкор жар экендигин белгилеп, 300 аялга өз каражатынан белектерди тапшырды.

Иш-чарада шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн, бир топ мекемелердин кызматкерлерине,Манас шаарынын Ардак грамоталары жана белектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаардык жана облустук маданият кызматкерлери тарабынан келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.