ТӨРАГА “ЕВРАЗИЯ КЫРГЫЗСТАН” КООМДУК ФОНДУНУН ӨКҮЛДӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ
29.01.2026 09:36
41
ТӨРАГА “ЕВРАЗИЯ КЫРГЫЗСТАН” КООМДУК ФОНДУНУН ӨКҮЛДӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов жана шаардык кеңештин депутаты Исмаил Мурсалиев “Евразия Кыргызстан” коомдук фондунун жетекчиси Кымбат Урумкулова баштаган фонддун өкүлдөрүн кабыл алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардык кеңештин депутаттары менен кызматташуу, ошондой эле окутуу программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. “Евразия Кыргызстан” коомдук фонду жергиликтүү кеңештин депутаттарын жарандык активдүүлүк, лидерлик жана медиа сабаттуулук багыттарында окутууну колдоп келери белгиленди.
Аталган окутуу программалары депутаттардын кесиптик деңгээлин жогорулатып, шаардык кеңештин ишин натыйжалуу уюштурууга өбөлгө түзөрү айтылды.
Мындан тышкары, фонд жаштарды колдоо, коомдук долбоорлорду өнүктүрүү жана маданий иш-чараларды уюштуруу багытында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурары маалымдалды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.