ТӨРАГА: “МАНАС ӨНҮГҮҮ ФОРУМУ” – ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯГА ЖОЛ АЧАТ

30.01.2026  15:30

5

ТӨРАГА: “МАНАС ӨНҮГҮҮ ФОРУМУ” – ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯГА ЖОЛ АЧАТ

ТӨРАГА: “МАНАС ӨНҮГҮҮ ФОРУМУ” – ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯГА ЖОЛ АЧАТ

🔹Бүгүн Манас шаарында калаанын өнүгүүсүнө багытталган “Манас Өнүгүү Форуму” өтүүдө.

Форумга Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, Жалал-Абад бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Жеңишбек Абдрахманов, ошондой эле ишкерлер жана ишкерликке кызыккан жарандар катышты.

🔹Анда төрага Манас шаары инвесторлор үчүн ачык шаар экенине токтолуп, жаңы долбоорлорду колдоого, өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле бул форум жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, шаарыбыздын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошоорун кошумчалады.

🔹Форум Манас шаарынын мэриясы жана Жалал-Абад Бизнес Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, анда ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр, салык жана эмгек мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, инвесторлор үчүн сунуштар, ошондой эле Кыргызстандагы компаниялардын франшизаларын таанытуу маселелери каралды.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Манас шаарынын мэриясы инвесторлорго бир катар жер тилкелерин жана ар түрдүү объекттерди сунуштоодо. Бул сунуштар шаарга инвестиция тартууга жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

📍Иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы франшиза компанияларынын көргөзмөсү да уюштурулду.