ТӨРАГА НУРТИЛЕК БОЛОТОВДУН КОЛДООСУ МЕНЕН КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ШАХМАТ МЕЛДЕШИ БОЛУП ӨТТҮ

16.02.2026  09:17

6

ТӨРАГА НУРТИЛЕК БОЛОТОВДУН КОЛДООСУ МЕНЕН КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ШАХМАТ МЕЛДЕШИ БОЛУП ӨТТҮ

ТӨРАГА НУРТИЛЕК БОЛОТОВДУН КОЛДООСУ МЕНЕН КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ШАХМАТ МЕЛДЕШИ БОЛУП ӨТТҮ

🔹Манас шаарындагы Р. Санатбаев атындагы №9 жалпы билим берүүчү орто мектебинде шахмат боюнча кыз-келиндер арасында биринчилик өтүүдө.

Иш-чара шахмат боюнча машыктыруучу Токтоназар Акунжанов агайдын уюштуруусунда, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотовдун колдоосу менен уюштурулду.

🔹Мелдешке Манас шаарындагы жана облус аймагындагы мектептерден келген 4- класстан 8-класска чейинки окуучулар, ошондой эле мугалимдер катышууда.

Турнирдин негизги максаты — кыз-келиндер арасында шахмат оюнун өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүнү арттыруу жана достук мамилелерди бекемдөө болуп саналат.

🔹Иш-чарага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Назгүл Айдарова жана депутаттар катышып, шахмат тактасында күч сынашып жаткан окуучуларга ийгиликтерди каалашты. Алар мындай мелдештер жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти.

🔹Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга баалуу белектер каралган.