ТӨРАГА ПСИХОНЕВРОЛОГИЯЛЫК СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕДЕ ТАРБИЯЛАНГАН БАЛДАРДЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫНА КАТЫШТЫ

27.12.2025  09:24

2

🔹Бүгүн, 25-декабрда, Манас шаарындагы психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеде тарбияланып жаткан балдар үчүн Жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.

Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов жана Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, балдарды жана мекеменин эмгек жамаатын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

🔹Майрамдын жүрүшүндө балдарга атайын даярдалган белектер тапшырылып, аларга майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле иш-чара мекемеде тарбияланып жаткан балдар жана тарбиячылар тарабынан даярдалган оюн-зооктор, ыр-бийлер менен коштолду.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөн ашык бала тарбияланат.