ТӨРАГА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ – 2026” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

03.06.2026  14:15

6

ТӨРАГА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ – 2026” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

Бүгүн Манас шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары арасында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” республикалык кароо-сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Исмаилов, ошондой эле тарбиячылар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада төрага жеңүүчүлөрдү куттуктап, тарбиячылар жаш муундун билимине жана тарбиясына алгачкы пайдубалды түптөп, балдардын келечегине чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрүнө алдыдагы облустук жана республикалык этаптарда ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, сынакка шаардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 16 тарбиячы катышты. Кароо-сынактын шаардык этабы эки бөлүктөн — өзүн-өзү тааныштыруу видеопрезентациясынан жана видеосабак даярдоодон туруп, катышуучулардын санариптик көндүмдөрүн, чыгармачылык изденүүсүн жана медиа сабаттуулугун аныктоо максатында өткөрүлдү.

Тарбиячыларды колдоо жана алардын эмгегин баалоо максатында жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.