Т.ТАЙГАРАЕВ АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
25.03.2026 15:30
6
Бүгүн, 25-мартта Т.Тайгараев аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жеринде жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, шаар прокурору Эркингүл Урдалиева, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Айтимбетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолугушууда аймактагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөр көтөрүлдү. Тактап айтканда, ички жолдордун абалы, тротуарлардын жетишсиздиги, жол жээктерине арык курларын жаткыруу, светофор орнотуу, билим берүү мекемелерин куруу, үлүш жер маселелери, снос боюнча суроолор, коомдук коопсуздук жана уурулуктун алдын алуу, ошондой эле суу түтүктөрүнүн эскириши боюнча маселелер айтылды.
Жыйынтыгында жарандардын кайрылуулары эске алынып, 2026-жылга каралган бюджеттик долбоорлор өз мөөнөтүндө ишке ашырылары айтылып, мындан тышкары көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырмалар