“ТЫНЧТЫК БАГЫ” АКЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА 150 ТҮП КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ

24.03.2026  15:00

4

“ТЫНЧТЫК БАГЫ” АКЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА 150 ТҮП КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ

Бүгүн, 24-мартта, Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын достугун чыңдоого багытталган “Достук” эс алуу багында Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын облустук бөлүмү жана «Славянская диаспора» коомдук бирикмеси тарабынан «Тынчтык багы» аталышындагы акция болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы түштүк аймагы боюнча Башкы консулу Роман Свистин, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын облустагы төрагасы Каныбек Тилекеев, Ооган согушунун катышуучулары жана Чернобыль апаатынын ардагерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен окуясынын, Чернобыль апаатынын жана Аскер-деңиз флотунун эстеликтери орнотула турган аймакка 150 түп көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, “Жеңиш” эс алуу багында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, аталган парктагы тарыхый эстеликтерди “Достук” паркына көчүрүү демилгеленген.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 млн сом каражат бөлүнүп, ачылыш аземи 9-май — Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата өткөрүлүшү пландалууда.