"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ - 2026" СЫНАГЫНЫН ШААРДЫК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
10.04.2026 15:40
4
"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ - 2026" СЫНАГЫНЫН ШААРДЫК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 10-апрель күнү, Манас шаарынын мэриясында "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев,шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков,Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Манас шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.
Сыйлоо аземинде шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу мугалимдердин коомдогу орду өзгөчө экенине токтолуп, келечек муунду тарбиялоодо алардын эмгеги баа жеткис деп белгиледи. Ошондой эле Манас шаардык кеңеши мугалимдерди ар тараптуу колдоого даяр экендигин кошумчалады.
Сынакка 17 предмет боюнча жалпы 86 мугалим катышып, 51 мугалим 1-2-3-орундарды камсыздап, диплом жана баалуу белектерге ээ болушту. Биринчи орунду багындырган 17-мугалим алдыда облустук турда шаардын намысын коргойт.
Белгилей кетсек, "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагына жергиликтүү бюджеттен 1 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн.